30.08.2018 17:19
СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон дүйнө салды
СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон бүгүн, 30-августта 80 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Эске салсак, Иосиф Кобзон 2005-жылдан бери рак илдети менен жабыркап келген. Ушул жылдын 18-июнунда анын ден соолугу начарлап, онкологиялык борборго кайрылган. Ал бир айдан ашуун убакыттан бери химиялык терапия жолу менен дарыланып жаткан.
Иосиф Кобзонго Бүткүл союздук атактуулукту "А у нас во дворе" деген ыры алып келген. Кобзон бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген.
1997-жылы Мамлекеттик Думанын депутаты болгон. Репертуарындагы белгилүү ырлар "Смуглянка", "День победы", "Доченька", "Майский вальс" жана башкалар.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: